Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абаддагы жерлерди сатууга бир жарым жылдык мораторий жарыяланды

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жерлерди сатууга бир жарым жылдык мораторий жарыяланды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов \"Кабарлар\" МАбилдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, Жалал Абад шаарынын аймагына караштуу муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жеке адамдарга сатууга 2016-жылдын соңуна чейин тыюу салынды. Бул чечим шаардык кеңештин кезектеги сессиясында кабыл алынды. \"Аталган чечим бул жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет. Бул чечим калаадагы азайып бараткан жерлерди сактап калуу максатында кабыл алынды. Айта кетчү жагдай, көп кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштаган инвесторлор үчүн жер сатууга уруксат берилет\" дейт төрага.

Нету похожих статьей