Кабарлар 6 лет назад

Ошто июнь окуясында снайпердин огунан башынан жараат алган жабырлануучуга жөлөк пул берилбей жатат (cүрөт)

Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуясы учурунда башына ок тийип жараат алган жабырлануучу Казыбек Осмоновго майыптыгы үчүн берилүүчү жөлөк пул берилбей калды. Ал майыптыгы үчүн жумушка жарамсыз. Бул тууралуу ал өзү \"Кабарлар\" МАнын кабарчысына билдирди.Казыбек Осмоновдун айтымында, ага июнь окуясы учурунда калаанын Черемушка кичи районунда снайпердин огу башына тийип, жараат алган. Бир канча жолу башынан операция болгон. Ага 2-топтогу майыптыгы үчүн 3 миң сомдон ашуун жөлөк пул берилип келген. Ал үчүн Казыбек Осмонов жыл сайын дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп, майыптыгы далилдениши керектигин айтат. Учурда анын майыптыгын тастыктап берилген маалымдаманын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ага ай сайын берилүүчү жөлөк пул эки айдан бери берилбей келет. \"Дарыгерлер тарабынан майыптыгым үчүн берилүүчү тастыктаманын мөөнөтүн бир жылга эмес, мөөнөтсүз кылып берилишин тиешелүү тараптар көзөмөлдөсө жакшы болмок\" дейт жабырлануучу. \"Казыбектин келинчеги аны таштап кеткен. Бир уулу бар. Уулу аялында. Ал ага берилген батирде жалгыз жашайт. Тамак ашына каралашкан адам жок. Кээде катуу ооруп калганда өзүн көзөмөлдөй албай калат. Баарыбызды сөгүп, эмне кылып жаткандыгын билбей калган учурлары болот. Биз кошуналары тамак аштан жардам берип, каралашып турабыз. Ага жөлөк пул берилиши үчүн жыл сайын дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүү Казыбек үчүн оңойго турбайт. Анткени жакындары жанында жүрүшү керек. А бул баланы учурда караган эч ким жок\" дейт кошунасы Кенжебү Токтомушева.

Нету похожих статьей