Кабарлар 6 лет назад

Нарында сел жүрүп, турак-үйлөргө зыян алып келди (СҮРӨТ)

Нарын облусунда сел болуп, боз үйдү жана чатырды агызып кетти. ӨКМ кызматынын билдирүүснө караганда, Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагындагы Ак-Чий айылында кечээ,29-июндасаат 17:00 чамасында 20 мүнөткө созулган нөшөрлөгөн жамгырдын (өткүн) кесепетинен айылдын түндүк-батыш тарабындагы Шаркыратма-Ноосу коктусунан келип түшкөн кыян суулары коктунун оозунда жайгашкан 1 турак жайды короосу жана сарайы менен каптап кеткен. Ошондой эле айылдын түндүк-батыш тарабындагы Баетов-Макмал унаа жолунун суу өтүүчү түтүгүнө жогорудан келген кыян суулары батпай, түтүктөн ашып, унаа жолду бойлой жайгашкан 1 боз үйдү (70 баштык) жана 1 чатырын (10 адамдык) эмеректери менен жана балдар ойногон аянтта орнотулган курулмаларды агызып кеткен. Унаа жолго жана түтүккө зыян келген эмес. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Нету похожих статьей