Кабарлар 6 лет назад

Алайдын Чыйырчык жайлоосундагы жашоо (сүрөтбаян)

Ош облусунун Алай районундагы Чыйырчык жайлоосу облус борборунан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган жайлоого жергиликтүү тургундар май айынан баштап көчүп келе башташат жана сентябрь айынын соңуна чейин аталган аймакта болушат.Жайлоонун бир тарабы Кара-Суу районуна караштуу болсо, экинчи тарабы Алай районунун аймагына таандык. Жайлоодон жайкысын сырттан келген чет элдик туристтер менен кошо өлкөнүн бир катар аймактарынан эс алуу үчүн келген жарандардын аягы үзүлбөйт.Чыйырчык жайлоосу деңиз деңгээлинен 2389 метр бийиктикте жайгашкан. Эс алууну каалагандарга жергиликтүүлөр тарабынан боз үйлөр орнотулган. Эс алуу үчүн келген туристтерге жергиликтүүлөр уйдун терисинен жасалган сабаага жана эчкинин терисинен жасалган чаначтарда даярдалган дарылык касиетке ээ кымыз менен кошо бээнин сүтүн сунушташат.

Нету похожих статьей