Кабарлар 6 лет назад

Өзгөндөгү жайлоодо уюштурулган көчмө зоомузейде 30га айбанаттын катырылган түрлөрү сакталган (сүрөт)

Ош облусундагы Өзгөн районунун Кара-Шоро жайлоосунда токой айбанаттарынын көчмө зоомузейи уюштурулган. Бул тууралуу Кара Шоро мамлекеттик коругунун токойчусу Эрмек Акматов Кабарлар МАнын кабарчысына билдирди.Көчмө музейди Эрмек Акматов өзү уюштурган. Анын айтымында, музейди көрүү үчүн ички жана чет элдик туристтер келишет. Музейде канаттуулардын жана жапайы айбанаттардын катырылган түрлөрү сакталып турат. Музейде жалпы 30 га жакын чөө, элик, суур, карышкыр жана башка айбанаттардын катырылган түрү бар. Жайлоодогу көчмө музейге келгендерди Бүкалия Орунбаева тейлейт.\"Музейдеги айбанаттардын катырылган түрлөрүн көрүү үчүн кээде бир күндө 20дай турист келсе, кээ бир күндөрү бир да турист келбей калган учурлар да болот\" дейт Орунбаева.Музейден түшкөн каражат аталган корукту өнүктүрүүгө жумшаларын Акматов кошумчалады.

Нету похожих статьей