Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI – чакырылышынын кезексиз сессиясы өтүүдө

Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы өтүүдө. Бул тууралуу, Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн тартибинде 12 маселе каралып, сессияга 31 депутаттан 19 депутат катышууда. Шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов тарабынан каралуучу маселелер белгиленгенден кийин “Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылы жана 2015-жылдын I-жарым жылдыгына кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө” маселе син талкууга алышууда. Бул маселе боюнча шаардык кеңештин жооптуу катчысы Бактыгүл Беркбаеванын берген маалыматына ылайык, кеңеш тарабынан 11 сессия өткөрүлүп, 74 токтом кабыл алынган. “Кабыл алынган токтомдордун ичинен 3 токтомдун аткарылбай калгандыгынын себептерин талкуу кийинки сессияга сунушталды. Ошондой эле, аткарылбай калган токтомдор боюнча жооптууларды аныктоо тапшырмасы аткаруу бийлигине берилди” деп билдирди шаардык кеңешинин төрагасы Нургазы Нишанов.

Нету похожих статьей