Кабарлар 6 лет назад

ӨКМ министри К.Боронов Сузакта жабыр тарткандар үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу менен таанышты (СҮРӨТ)

Сузакта кырсыктан турак жайлары жабыркагандарга курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштерине алардын болочок ээлери көзөмөл жүргүзүшөт. Мындай тапшырманы бүгүн, 2015-жылдын 26-июну күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов жеринен курулуш иштери менен таанышып жатып, тиешелүү жетекчилерге милдеттендирди. 2015-жылдын 24-майы күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыржол айылында жер көчкүдөн турак жайсыз калган жана турак жайлары жабыркаган жарандарга курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштери менен жеринен таанышуу үчүн 26-июнь күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Сузак районунун Жашасын айылына барды. Курулуш иштери менен жеринен таанышкан министр К. Боронов КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиевага курулушу бүткөнгө чейин эле тиешелүү тармактар менен сүйлөшүп, электр энергиясын, унаалар жүрүүчү жолду бүтүрө берүү зарыл экендигин айтты. Ал эми Таза суу маселесин чечүүгө жергиликтүү калк да өз салымын кошуусу зарыл экендигин билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бөлүнгөн акча каражатына КР ӨКМи тарабынан турак үйлөр бардык шарттары менен курулуп берилет. Мисалы, жаңы үйлөрдүн жылытуу системалары да болот, андан сырткары турак жайга көчүп кире турган жарандар өз салымдарын кошушса, таза суу маселесин да толугу менен чечип беребиз. Ал эми электр энергиясын тартып келүүнү, жол салуу маселелерин тиешелүү тармактар менен сүйлөшүп, азыртадан даярдай бергениңиздер туура болот”- деди К. Боронов. Ошондой эле куруучуларга үйлөрдү тез жана сапаттуу курууну жана курулуп жаткан турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүүсүнө болочоктогу ээлери сөзсүз көзөмөл жүргүзүүсүн уюштурууну куруучу мекемелердин жетекчилерине милдеттендирди.

Нету похожих статьей