Кабарлар 6 лет назад

Т.Сариев: «Өкмөт ирригациялык тутумдарды курууга өзгөчө маани берүүдө»

Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Баткен облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү жана Боз Кара-Кыштак каналынын курулушу менен таанышты. Премьер-министр жергиликтүү дыйкандар менен баарлашып, алардын пикирин укту, жер иштетүүчүлөрдүн айтымында, өстүргөн жер-жемиши коромжусуз пайдаланылышы үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарыл. Темир Сариев Баткен облусун өнүктүрүү жаатында Кадамжай районунун акимине “Айыл-Банк” жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн насыялардын негизинде бул аймактардагы жер-жемишти кайрадан иштетүүчү ишканаларды ачуу долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле Өкмөт башчы мамлекет ирригациялык тутумдарды курууга өзгөчө маани берээрин билдирип, бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда анын сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Нету похожих статьей