Кабарлар 6 лет назад

Ош шаарынын мэри Синин шаарынын мэри Джан Сяожу менен жолугушту (СҮРӨТ)

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башында турган Ош шаарынын мэриясынын делегациясы 16-июнь күнү Кытай Эл Республикасынын Синин шаарына расмий иш-сапары менен барышты. Бул тууралуу, Ош мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,иш-сапардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Синин шаарында «Улуу Жибек жолу концепциясы» деп аталган эл аралык Форумга жана форумдун негизинде уюштурулган техникалык жарманкеге катышты. Ошондой эле биотехнология тармагында иштеген өндүрүш ишканасынын жетекчилиги менен жолугуп, ишкана өндүргөн продукциялар менен таанышты. Аталган ишкана этти кургатып, кайра иштетүүнүн негизинде продукция өндүрөт. Жолугушуу учурунда калаа башчы А.Кадырбаев аталган ишкананын жетекчилигине Ош шаарында да жогорудагыдай ишкананы биргеликте ачууну сунуштады. Андан сырткары,А.Кадырбаев Синин шаарынын мэри Джан Сяожун менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки шаар ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, кытай инвестициясын Ош шаарынынын экономикасына тартуу маселелерин талкуулашты.

Нету похожих статьей