Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абаддагы жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга үйлөр курула баштады (СҮРӨТ)

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыржол айылынын жер көчкүдөн турак жайсыз калган жана турак жайлары жабыркаган жарандарга турак жайлар курулуп башталды. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,бүгүн, 2015-жылдын 24-июнунда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев КРнын ӨКМи тарабынан курулуп жаткан жаңы турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Куруучулардын айтымына караганда бардык курулуш материалдары жана куруучулар жетиштүү, бүгүнкү күндө ӨКМ тарабынан курулуп жаткан сегиз турак жайдын ар биринде 6дан адам, жалпысынан 50гө жакын адам иштеп жатат. Курулуш иштери менен таанышкан Равшанбек Рысбаев турак жайларды сапаттуу жана өз учурунда 31-августка жеткирбей куруп бүтүрүүнү куруучу мекемелердин жетекчилерине эскертти. “Мамлекет башчыбыз Президенттик фонддон 11 миллион сомдон ашык акча каражатын бөлүп берди жана 31-августка чейин курулуш иштерин бүткөрүүнү тапшырган. Айтылган мөөнөттөн кечиктирбей, бардык шарттары менен сапаттуу турак жай куруп берүүңүздөр зарыл. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарга бул жерде да көйгөйлөр жаралбашы керек”-деди министрдин орун басары Р. Рысбаев. Ал эми куруучулар курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүтөрүнө убадаларын беришти.

Нету похожих статьей