Кабарлар 6 лет назад

Оштун тургундары таштанды үчүн 52 млн сом карыз (сүрөт)

Ош шаарынын тургундары таштанды үчүн 52 млн сом карыз. Бул тууралуу №1 Туран аймактык кенешинин жашоочулары менен карыздарды жою боюнча өткөрүлгөн жыйында «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Талант Капаров билдирди. Шаардык кенештин депутаттарынан, бейөкмөт уюм жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн түзүлгөн 11 кишиден турган комиссиялык топ жыйында таштандыга болгон карыздарды өндүрүү, так эсептеп чыгуу маселелерин талкуулашты. Буга чейин, Ош Тазалык ишканасынын мурунку жетекчилигинин тушунда таштанды акысын топтогон айрым кызматкерлер, үйдө жашаган киши башын так санабай эле болжолдуу эсептеп, кээ бир үйлөрдө жашабаган эле тургундарды жазып коюшкан. Натыйжада таштандыга болгон дебютордук карыз өсүп кеткен. Жыйында баарын тактап эсептеп чыгуу үчүн \"Ош-Тазалык\" муниципалдык ишканасына 3 күндүк мөөнөт берилди. Макулдашылган тариф боюнча таштанды учун жер үйлөрдө адам башына 25 сом. Ал эми көп кабатуу үйдүн тургундары 20 сомдон төлөшөт. Коммерциялык ишканаларга болсо айына 350 сом деп бекитилген.

Нету похожих статьей