Кабарлар 6 лет назад

Таласта жаандан улам “Жорго” каналында сел жүрүп, 1 мектепти жана мечитти суу каптады

Таласта жаандан улам “Жорго” каналында сел жүрүп, 1 мектепти жана мечитти суу каптады. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА ӨКМнин пресс-кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Манас районунунЖайылган айылында 2015-жылдын 23-июнунда саат 15:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел тосуучу “Жорго” каналынан сел жүрүп, каналды бузуп кеткен. Анын кесепетинен 1 мектептин, 1 мечиттин короосун жана 27 турак үйдүн короо-сарайларын, чарбактарын суу каптаган, 1га беде себилген үлүш жердин айрым жерлерин суу каптаган. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине райондук жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо кызматынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, кирпич заводунан 1 жүктөгүч, айыл аймагынан 2 эксковатор, 1 самосвал, КР ӨКМнин № 100 адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 АЦ-40 унаа жана 17 куткаруучу, райондук электр тармактарынын авариялык техникалык тобунан 1 унаа жана 5 адам, райондук эпидемиологиялык чалгындоо тобунан 1 унаа жана 3 адам, жергиликтүү калктан 30 адам тартылган.

Нету похожих статьей