Кабарлар 6 лет назад

Депутат Ы.Кадыралиева: «Чүй областтык ооруканасында нефролог деген бир дагы адис жок экен»

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 23-июндагы олтурумунда аталган тармактык комитеттин гемодиализ багытында жардам көрсөтүү маселесин текшерген жумушчу тобунун иш жыйынтыгын караш керек эле, бирок жүйөөлүү себептерден улам, бул суроо сентябрь айындагы комитеттин биринчи олтурумунун кароосуна калтырды. Антсе дагы жумушчу топту жетектеген депутат Ыргал Кадыралиева иштин жүрүшүндө аныкталган айрым фактыларга токтолду. Анын айтымында, жумушчу топтун мүчөлөрү бири жарыяланган тендерлердин тактыгын текшерип чыкса, дагы бири трансплантология жаатында иш алып барган. Ал эми дагы бир өкүл дары-дармектер менен камсыздоо жагдайына көңүл бурган. «Трансплантология багытында түзүлгөн илимизилдөө институту иштеп жатканына 11 жыл болгону менен, ошол аралыктын ичинде болгону 9 гана операция жасалган. Ошол жамаатта илимдин 2 доктору бар экен. Эгер алар эч кандай ачылыш жасабай олтура берсе, аларды кармап олтуруунун канчалык зарылчылыгы бар? Мамлекет тарабынан дагы аларга жетиштүү көңүл бурулушу керек эле. Өздөрү деле ошол жамааттын өкүлдөрү ушул 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке маселе коюп, бир дагы жолу кайрылган жок. Акырында келип, чет мамлекеттерден арга болобу деген сыркоолор ысыктын аптабына карабай, дартка чалдыккан органдарын алмаштыруу максатында Пакистанга барып жатышат. Түркияга барабыз деп кезек күткөндөр жашап турган тамынан өйдө сатып, аргасын таппай жүргөндө жергиликтүү шартта эмнеге жардам бере албайбыз?! Баягы эле жетиштүү даярдыгы бар адистердин жоктугуна шылтаган көрүнүштөр көбөйдү. Мисалы,Чүй областтык ооруканасында нефролог деген бир дагы адис жок. Муну жумушчу комиссиянын алып барган иш жыйынтыгында аныктап чыктык. Бөйрөгүн алмаштырып келген оорулууларды реаблитациялык шартта карай турган атайын дарыгер зарыл болгон менен, андай адистин жергебизде бирөө эле болгону өтө өкүнүчтүү деп жатсак, жакында анын дагы көзү өтүп кетиптир. Оорулуулар эми биз кимге кайрылабыз деп санааркап жатышат»,- дейт депутат Ы.Кадыралиева. Аталган жумушчу топтун маалыматтарында камтылган фактыларды иретке салууда айрым жылыштар болуп жаткандыгын маалымдаган Чүй областтык ооруканасынын жетекчилиги жакында 0,5 ставка менен нефрологврачты ишке алгандыгын билдирди. Дарыгерлердин тартыштыгы айлык акынын аздыгынан улам негизги көйгөйгө айланып жатканын айтышкан Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү нефрология жаатында гана эмес, социалдык оору болгон кургак учук дартын дарылай турган фтизиатрлардын дагы тартыштыгы байкалып жаткандыгын мисал келтиришти. Депутат Ы.Кадыралиева медициналык кадр даярдоо ишинде мамлекеттик саясат жүргүзүп, бюджеттик орунда окуп жаткандарды учурда тартыштык байкалган тамактардын адиси катары окутуп берүү боюнча талап койду.

Нету похожих статьей