Кабарлар 6 лет назад

Ош облусунда дагы бир кумура табылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Сармазар\" кыштагында кумура табылды. Таап алган тургундар аны “Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексине” тапшырып беришти. Музей кызматкери, тарыхчы Хайрулло Убайдуллаев кумураны орто кылымга таандык экенин боолголойт.“Анткени, бул табылга гончардык станокто жасалган. Ар кандай кооздук, шөкөттөрү жок. Жөнөкөй эле экен. Аны турмуш-тиричиликке эле суу, сүт жана башка суюктуктарды куюп, колдонушкан. Учурда кумура музейдин каттоо китебине түшүп, сактоого алынды”,-деди Убайдуллаев.Буга чейин Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөнүн түркүгү үчүн казуу иштери жүрүп жатканда да көзө табылган. Бирок аны куруучулар казып атып, сындырып алышкан. Ошол сыныгы азыр аталган музейде сакталып турат.Ошондой эле 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Мойнок айылында болжол менен бир жарым метр бийиктиктеги 4 кумура табылган болчу. Ал аталган айылдын тургуну Матөмөр Борошевдин жеке менчик жеринен чыккан. Ал жердеги дөңдү кыш кую үчүн топурак алууга казып жатканда көрүнгөн. Бирок аны бүтүн боюнча сактоого мүмкүн болгон эмес, кумура ачылгандан кийин өзүнөн-өзү сынып түшө берген.

Нету похожих статьей