Кабарлар 6 лет назад

Ошто жыл башынан бери фермерлерге 270 млн сомдон ашык насыя берилди

Ош облусунда биринчи жарым жылдыкта дыйканчылык жана фермер чарбачылыгына, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчүлөргө 274 млн 500 миң сом көлөмүндө насыя берилди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлдүгүнүн аймактык өнүктүрүүнүн бөлүм башчысы Болот Жолдошев билдирди. Анын айтымында, жогоруда айтылган мезгил аралыгында 746 жак насыя ала алышты. 10 пайызды түзгөн жеңилдетилген насыя берүү “Айыл чарба тармагын колдоо-3” долбоору боюнча ишке ашырылып жатат. “Мындан тышкары, былтыркы жылдан бери айыл жергесинде техникаларды жаңылатуу үчүн лизинге 80 атайын техникалар берилген”,-деди Б.Жолдошев.

Нету похожих статьей