Кабарлар 6 лет назад

Ошто Ажылык сапарга 935 адам жолдомо алды

Ош облусунан Ажылык сапарга 935 адам жолдомо алды. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МАОш облустук казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты. Алардын берген маалыматы боюнча,бүгүн, Ош облустук мусулмандар казыятында ажылыкка баруучулар ортосундагы электрондук чучукулак тартуу иш-чарасы жыйынтыкталды. Быйылкы 2015-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Ош облусундагы жооптуу адис Ыйманали Матраимовдун билдирүүсүндө Ош облусунан ажылык сапарга жалпы 2014-жылы чучукулактан өтпөй калып кезек күтүп тургандар 2070 адам, 2015-жылы ажылыкка катталган 910 жаран жалпы 2980 адам чучукулакка катышышкан. Чучукулактан 935 адам ажылык сапарга жолдомо алды. Быйылкы ажылык иштерин уюштуруудагы өзгөчөлүк катары 2014-жылы катталып жаш курагы 70 жаштан жогору болгон жарандарга чучукулаксыз ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү берилди. Мындан сырткары ажылык сапарга чейин чучукулактан өткөн жарандар ажылыктан баш тартса, бошогон орун ошол баш тарткан жарандын аймагындагы ажылыкка өтпөй калган жаш курагы эң улуу аксакал адамга берилет.

Нету похожих статьей