Кабарлар 6 лет назад

Баткенде эски газ түтүгү талашка түштү

Баткен облусунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы эски газ түтүктөрү талашка түштү. Бул тууралуу Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиев билдирди. Ал газ түтүгү аркылуу Өзбекстан 1963-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу Фергана өрөөнүнө жаратылыш газын өткөрүп турган. Жаңы-Жер айыл аймагындагы жер астынан кеткен жалпы узундугу 26 чакырым газ түтүгүн \"Интергаз KG\" ишканасы казып чыгара баштаган. Жергиликтүү эл бул ишке каршылыгын билдирүүдө. «Кыргызгаз жоопкерчилиги чектелген коому менен «КазНефтеГазПром» ишканасынын ортосундагы карызды жоюу боюнча түзүлгөн келишимге таянып, Жаңы-Жер айыл аймагындагы газ түтүкчөлөрүн \"Интергаз KG\" ишканасы казып чыгаруу иштерин баштаган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар казылып чыгарылган газ түтүгүн айылдан сыртка чыгарбай коюшкан. Акыркы 10 жылдан бери колдонулбай жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү калк куурларды аймакта тартыш келген сугат жана таза суу көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдонууну максат кылат. “50 жылдан ашуун жогорку басымдагы газ өтүп турган түтүктөрдү сугат жана таза сууга пайдаланууга болбойт. Ал жерден түтүктү кесип, үлгүсүн алып, илимдер академиясына тапшырылган. Илимдер академиясы бүгүнкү күндө бул газ түтүктөрү сугатка да, ичүүгө да, мал жандыктарды сугарууга да жарабайт деген чечимин берген. Анткени мунун курамында этилметилкаптан деген өтө уулуу кошулма бар. Бул кошулма химиялык бомбаларга колдонуучу зат\" - дейт \"Интергаз KG\" ишканасынын өкүлү Анаркул Салиев. Учурда Жаңы-Жер айыл аймагында газ түтүгүнүн 400 метрдей аралыгы казылып, чыгарууга даярдалган. Газ магистралынын көпчүлүк бөлүгү айылдын ортосунан өтөт. Бул аралыкта жергиликтүү тургундардын короо жайлары, өрүк жана жүзүм бактары бар. \"Биз бүгүнкү күндө кыргыз газдын карызын жапкан \"Казнефтегазпром\" ишканасы менен биздин байланышыбыз бар, алар биздин шериктешибиз. Булар бүгүнкү күндө бизге келишим берген. Бул түтүктү биз казып акчалай түрдө аларга өткөрүп беришибиз керек. Башкача айтканда Кыргызгаздын карызын акчалай жабышыбыз керек”-деп кошумчалайт А. Салиев. Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети газ түтүкчөлөрүн жергиликтүү элдин сугат суу маселесин чечүүгө жумшоо тууралуу чечимин чыгарган. Ал эми газ түтүктөрүн казып чыгарууну мыйзам чегинде чечүү үчүн \"Интергаз KG\" ишканасы сотко арыз менен кайрылган.

Нету похожих статьей