Кабарлар 6 лет назад

Кызыл-Кыядагы болгон селдин кесепеттери (СҮРӨТ)

2015-жылдын 14-июнунда саат 17:00 чамасында Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын аймагында сел жүргөн. ӨКМнин билдирүүсүнө караганда,суу агуучу арыктар тазаланбагандыктан, селдин кесепетинен 2 турак үйдүн жер төлөөлөрүнө, 3 турак үйдүн короолоруна, “Теремок” атындагы балдар бакчасынын короосуна сел суулар кирген, андан тышкары селдин калдыктары менен 0,5га пияз талаасын басып калган. Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Кызыл-Кыя шаарынын 4-мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жана №62-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, сел сууларын сордуруп жана тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

Нету похожих статьей