Кабарлар 6 лет назад

Баткен облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардамдар берилүүдө

Лейлек району боюнча сел агымынан 208 үй жабыркап, алардын баары текшерүүдөн өткөн. Натыйжада 35 үй жараксыз, 109 үй көзөмөлдө турса, 33 үй кооптуу абалда экендиги аныкталган. Жалпысынан бүгүнкү күнгө келтирилген зыян 74 млн сомдун тегерегинде. Бул тууралуу ӨКМнин Баткен облусундагы өкүлчүлгүнөн билдиришти. Табият кырсыгы боюнча өкмөттүн облустагы өкүлү Ж.Разаков Лейлек районунун Кулунду айылында штаб өткөрдү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ӨКМ Баткен облусундагы башкармалыгынын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты. Штабдын жүрүшүндө Бешкент жана Кулунду айыл өкмөт жетекчилери, ӨКМнин Баткен облусундагы өкүлү кайра калыбына келтирүү иштери жөнүндө малымат берди. Маалыматка ылайык Ж.Разаков жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, таза суу жана электр энергиясын көзөмөлдөөчү адистерге тез арада коюлган убакыт ченинде элди таза суу, электр энергиясы, үй чатырлары, тамак-аш жана дары-дармектер менен камсыз кылуу тапшырмасын берди. Мындан сырткары, 16 чакырымдан турган Кулунду каналын тазалоого, социалдык обьектилерди жана турак жайларды калыбына келтирүү иштерине жетиштүү техника менен камсыз кылуу, жергиликтүү калкты мобилизациялоо иштери тапшырылды. Сел кесепетинен жабыр тарткан жарандар үчүн ар тапатуу жардамдар көрсөтүлө башатады. Кыргызстандагы саясий партиялар тарабынан жалпы суммасы 600 миң сомду түзгөн гуманитардык жардам берилди. Кулунду жана Бешкент айыл аймактарындагы зыян тарткан жергиликтүү тургундарга азык-түлүк жана күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар жана идиш-аяктар берилди.

Нету похожих статьей