Кабарлар 6 лет назад

Куршаб айылында суунун деңгээли көтөрүлүп, 6 үйдү суу каптады (СҮРӨТ)

Куршаб айыл аймагында суунун деңгээли көтөрүлүп, 6 турак үйдүн короо сарайларынсуу каптап, 1 турак үйдүн невеси кулады. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Айрылыш участогундакечээ,16-июнда саат 02:30 чамасында Токсонбаев көчөсүндө райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы Кочкор-Ата Постовой сугат каналында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен 6 турак үйдүн короо сарайларын, тамаркаларынын суу каптаган, 1 турак үйдүн навеси кулаган. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Өзгөн райондук №53 адистештирилген өрт-куткаруу бө лүмүнөн 3 куткаруучу барышып, суу каптоонун кесепетин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Нету похожих статьей