Кабарлар 6 лет назад

Ырчы Жанна Фриске каза болду

Россиялык ырчы жана актриса Жанна Фриске узакка созулган онкологиялык оорудан улам, 40 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда бир катар Орусиянын ММК жазып чыгышты. Билдирүүдө жазылгандай, бул маалыматты ырчынын атасы Владимир Борисович да тастыктаган. Фрискенин катуу оорулуу экендиги 2014-жылдын башында белгилүү болгон. Анын мээсинде шишик бар экени аныкталган. Анын күйөрмандары дарылануу үчүн 60 млн рублден ашуун акча топтоп беришкен. Фриске Германиядагы жана АКШгы узакка созулган дарылануудан кийин туугандары менен Прибалтикага кеткен. Өткөн жылдын жайында ырчынын көрүүсү жакшырып калганы белгилүү болгон.

Нету похожих статьей