Кабарлар 6 лет назад

Таласта сел жүрүп Кара-Суу айылындагы 3 ички чарбалык көпүрөнү агызып кетти

Талас облусунунБейшеке айыл аймагында 2015-жылдын 14-июнунда саат 18:30 чамасында сел жүрүп, селдин кесепетинен Кара-Суу айылында 3 ички чарбалык көпүрөнү сел агызып кеткен. Бул тууралуу, ӨКМнин прессөкызматы билдирет Маалыматка ылайык,болжол менен 17га эгин талаасын (төө буурчак) сел суулары каптаган. Аткарылган иш чаралар, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштерине райондук суу чарба кызматынан 1 кран, 1 эксковатор жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 1 даана көпүрө калыбына келтирилди, жумуш улантылууда. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Нету похожих статьей