Кабарлар 6 лет назад

Ошто ажылыкка баруучулардын арасында чучукулак аяктады

Бүгүн, Ош облусунун Араван районунда ажылык сапарга баруучулар ортосунда электрондук чучукулак өткөрүлдү. Бул тууралуу, КМДБнан кабарлашты. Бул иш чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары, 2015-жылдагы ажылык иштери боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Ракиев Замир кары, КР ДИМК өкүлү Маматалиев Каныбек, КР Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дин иштери боюнча кеӊешчиси Жапаров Токтосун ажы, Ош облусунун казысы Арипов Ниязалы ажы, Араван районунун акими Айтибаев Курбанбек жана ИИМ, УКМК кызматкерлери катышышты. Араван району боюнча жалпысы болуп 365 жаран каттоодон өткөн. Район боюнча 99 квота бөлүнгөн. 99 квотанын ичинен 40 жаран 2014-жылы чучукулакка катышып өтпөй калган 70 жаштан жогорку аксакалдар автоматтык түрдө өтүштү. Араван районунун кээ бир айыл өкмөттөрүнө бөлүнгөн квоталар өзүн-өзү толтуруп, 5 квота автоматтык түрдө чучукулаксыз өттү. Район боюнча калган 54 квотага 365 жаран ат салышты. «Араван районунда ажылык сапарга баруучулар ортосундагы электрондук чучукулак жогорку деӊгээлде өттү. Элдин маанайы жогору экендиги көрүнүп турду. Анын үстүнө электрондук түрдө ар бир жарандын көз алдында өткөндүгүнө өздөрү күбө болушуп, өтпөй калгандары ыраазы болуп атышты. Баардыгы ачык, даана жана так өттү. Баса белгилеп кетүүчү жагдай Республикалык штаб 2014-жылы чучукулакка катышып өтпөй калган 70 жаштан жогорку кадырман карыяларыбызга жакшы мүмкүнчүлү түзүп, аларды автоматтык түрдө өткөрүшкөндүгүнө элибиз тереӊ ыраазычылыктарын, алкыштарын айтып жатышты»,-деди облустук казыяттын ажылык боюнча жоопту адиси Матраимов Иманали. 2015-жылкы ажылык сапарга баруучулар ортосундагы чучукулак Ош, Баткен облустарында ийгиликтүү аяктады. Эртен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда акыркы чучукулак өтмөкчү.

Нету похожих статьей