Кабарлар 6 лет назад

Ысык-Көлдө калыңдыгы 60 сантиметр кар жаап, 167 мал жандыгы өлдү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2015-жылдын 13-июнунда саат 22:30 чамасында Эңилчек айыл аймагынын жайлоосунда 2015-жылдын 11-12-июнунда калыңдыгы 50-60 сантиметр кар жаап, аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу болжол менен 150 баш кой, 2 баш уй жана 15 баш топоз өлгөн. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Мындан сырткары жайлоого баруучу жолдогу “Сары-Жаз” суусундагы көпүрөнү суунун деңгээли көбөйүп, бузула баштаган. Көпүрөнү оңдоого 30-40 даана габиондук торчо жана күйүүчү май керектелет. Жеринде райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Нету похожих статьей