Кабарлар 6 лет назад

Таластагы партиялардын жарманкесинде “Бир Бол” шайлоодо “Илбирстин секириги” программасын алып чыгаарын билдирди

Таластагы партиялардын жарманкесинде “Бир Бол” шайлоодо “Илбирстин секириги” программасын алып чыгаарын билдирди. Бул тууралуу, аталган партиядан кабарлашты. 13-июнда, ишемби күнү Талас шаарында музыкалык драма театрынын залында Борбордук шайлоо комиссиясы жана Эл аралык республикалык институту уюштурган саясий партиялардын жарманкеси болуп, ага 6 эле партия катышышты. Көргөзмөсүн “Бир Бол” партиясы да даярдап, партиянын областтагы координаторлору, жаштар канатынын активисттери партиянын ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Көргөзмөдөн кийин эл менен жолугушууда партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев партиянын стратегиялык программасынын негизги багыттары менен тааныштырды. Бул программа мамлекеттик идеология иштеп чыгууда негиз болорун билдирди. Идеологиялык программа мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик идеясына негизделип түзүлгөн. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө биринчи учурда кыргыз улутунун жоопкерчилигин баса белгилеп, башка улуттарга үлгү көргөзүшү керек экендигин айтты. “Улуттар аралык ынтымактын жана бейпилдиктин, интернационалдык биримдиктин болушуна кыргыз улутунун жоопкерчилигин арттыруубуз керек”, - деди. Ар бир жарандын мамлекеттик биримдик принцибин кармануу, аткаруу жана коргоо ардактуу милдети болуп калышына жетишүү керектигине токтолду. Д.Эсеналиев ошондой эле партия келерки шайлоодо “Илбирстин секириги” экономикалык реформаларды ишке ашырууга багытталган программа менен чыга турганын билдирип, “Биздин өлкөдө экономикалык секирик жасаган Корея, Япония, Сингапур, Малайзия өлкөлөр сыяктуу баардык: адамдык да, экономикалык да, саясий да ресурстар бар”, - деди. Негизги маселе системдүү реформаларды туура жүргүзүп, аны ишке ашыруу. Мына ошондо Кыргызстан да “Илбирстин секириги” деп аталган ийгиликке жетишет деп баса белгиледи. Буга чейин өткөн партиялардын Оштогу жарманкесине 11, Баткенде 9 партия катышса, Таласта 6 эле партия катышты.

Нету похожих статьей