Кабарлар 6 лет назад

Ошто катуу шамал 43 турак үйдүн чатырын учуруп кетти

Ошто катуу шамал 43 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Алай районундагы Жошолу айыл аймагында 2015-жылдын 14-июнунда саат 13:25 чамасында Осоавиахим, Үч-Чат жана Миязды айылдарында катуу шамал катталып, анын кесепетинен айыл аймак боюнча 43 турак үйдүн чатырларынын шиферирлерин шамал учуруп кеткен. Шамалдын ылдамдыгы такталууда.ӨКМ кызматынын билдирүүсүнө караганда,Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагында14-июнунда саат 17:30 чамасында Сүрө-Таш айылында да катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен 20 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин шамал учуруп кеткен. Шамалдын ылдамдыгы такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Нету похожих статьей