Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абадда \"Тазалык\" акциясы болуп өттү (Сүрөт)

Бүгүн, Жалал-Абад шаарында тазалык акциясы болуп өттү. Бул акцияны Жалал-Абад Жаштар Коомунун демилгеси менен “Баарыбыз таза шаарыбыз үчүн” деген аталышта жүрүп акцияга “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилидик саясый партиясынын жаштар канаты Нургазы Улан уулунун жетекчилиги астында активдүү катышышты. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети, Жалал-Абад жаштар коому, “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилидик саясый партиясынын жаштар канаты баарысы бир команда болуп берилген аймакты тагыраак айтсак шаардын борбордук мечитинин айланасын жана “Маяковский” көчөлөрүн тазалашты. Акцияга шаарыбыздагы бүтүндөй мекеме-ишканалардын, бейөкмөт жана мамлекеттик уюмдардын, ар кайсы партиялардын жана окуу жайлардын өкүлдөрү, андан сырткары шаардык кеңештин депутаттары баары биргеликте катышышты. ““Бүгүнкү акцияга уюштуруу иштеринде өзгөчө жардам көрсөткөндүгү үчүн, шаардын тазалыгы үчүн, жаштардын чакырыгына кайдыгер карабагандыгы үчүн “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилидик саясый партиясына жана ошондой эле көп сандагы активдүү катышуучулары үчүн партиянын шаардык бөлүмүнө ыраазычылык билдирем” деп Жалал-Абад Жаштар коомунун төрайымы Санрабия Сатыбалдиева өз сөзүндө белгилеп кетти.

Нету похожих статьей