Кабарлар 6 лет назад

Жыл башынан бери жылуулук энергиясын субсидиялоого бюджеттен 1 млрд. сомдон ашуун каражат бөлүндү

2015-жылга бекитилген бюджетте жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 млрд. 138 млн. сом каралган. Каржы министрлигинен кабарлашкандай, жыл башынан бери иш жүзүндөгү каржылоо 1 млрд. 117,2 млн. сомду түздү, бул ушул жылга бекитилген бюджеттин 98,2 пайызын түзөт. Чыгымдардын багыттары жана отунду жеткирүүчүлөр боюнча жылуулук энергиясын субсидиялоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын компетенциясына кирет. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы “2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилдерине Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономика тармактарынын даярдыгы жөнүндө” токтомуна ылайык жылуулук энергиясын компенсациялоого 500 млн. сом каралган. Ошондой эле 2015-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда «Электр станциялары» Ачык акционердик коомунун жылытуу сезонуна катуу отунду камдоосуна 350 млн. сом суммасында бюджеттик ссуда каралгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Нету похожих статьей