Кабарлар 6 лет назад

2016-2019-жылдардын бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясынын долбоору иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги 2016-2019-жылдарга бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Концепция орточо мөөнөттүү перспективага финансылык борборлоштурбоону жана жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүүгө карата ырааттуу жана комплекстүү ыкмалар киргизилген алгачкы программалык документ болору күтүлүүдө. Концепциянын максаты географиялык абалына жана аймактын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын жергиликтүү бюджеттерин финансылык ресурстар менен камсыздоо боюнча жагымдуу жана стабилдүү шарттарды түзүү болуп саналат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн Концепцияда төмөнкүдөй милдеттер белгиленген: а) бюджеттер аралык мамилелерде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын вертикалдуу жана горизонталдуу өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү; б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу боюнча негизги багыттарды аныктоо; в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк кирешелерин жогорулатуусуна жана чыгашаларын оптималдаштыруусуна түрткү берүүгө негизделген трансферттик саясатты өркүндөтүү; Концепцияда ушул тапта ишке ашырылып жаткан программалар менен бюджеттер аралык мамилелер жаатында күтүлгөн реформалардын байланышы көрсөтүлгөн.

Нету похожих статьей