Кабарлар 6 лет назад

Ошто ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо жүрүүдө (тизме)

Ошто ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу,Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан 2015-жылдагы ажылык сапарга ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо жүрүүдө. Кыргызстандан меккеге ажылык сапарына барууну уюштуруу тартиби жөнүндө 2015-жылдын 20-апрелинде Муфтият тарабынан бекитилген жобого ылайык Ажы башчылыкка талапкерлер төмөнкү талаптарга ылайык келүүсү зарыл: Дин кызматкери болуусу; Жаш курагы 55 жаштан жогору болбогон; Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун жакшы билүүсү; Ажылык парзын мурда өтөгөн болуусу; 2014-жылы ажылык сапарга ажы башчы болуп барбаган болуусу; Араб тилин билүүсү зарыл; Ажы башчылыкка каттоого төмөнкү талап кылынган документтер: Казынын (комиссия төрагасынын) наамына арыз; Паспорт (загран, ID кард) көчүрмөсү бир баракта (А 4); Дин кызматкери экендигин тастыктаган буйруктун көчүрмөсү; Резюме (сүрөтү чапталган); 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт; Жашаган жеринен маалымат-аныктама; Катталган талапкерлер облустук казыят тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосунда тандалып, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийине сунушталат. Азирети Муфтий сунушталган талапкерлерди маектешүү аркылуу бекитет. Сынактан ийгиликтүү тандалган талапкерлер менен 3 айга кызмат келишими түзүлүп, 2015-жылдын 15-июлунан 15-октябрга чейин ажылык сапарга баруучу жарандарды даярдоо жана ажыга алып барып келүү милдеттери жүктөлөт. Бир ажы башчынын ажылык тайпасы ажылык жөрөлгөсүн аткарууга камынган 49 жарандан турат. Эскерте кетсек, Ош облусу боюнча 18 Ажы башчылык орунга талапкерлерди каттоо 2015-жылдын 15-июнуна чейин жүргүзүлөт.

Нету похожих статьей