Кабарлар 6 лет назад

Премьер-министр Ош облусундагы иш сапары алкагында Папан суу сактагычынын иши менен таанышты (СҮРӨТ)

Бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусундагы иш сапары алкагында Папан суу сактагычынын иши жана Араван жана Ак-Буура каналдарын реконструкциялоо долбоорлору менен таанышты. Иш сапары учурунда Темир Сариев таза суунун маанисине токтолуп, бүгүнкү күндө Кыргызстан өлкө дайраларындагы суунун 12-15% гана пайдаланып жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, бул көлөмдү жогорулатуу максатында Камбарата 1 ГЭСин куруп, сууну өз пайдабызга жетиштүү түрдө пайдалануу керек. Ошол эле учурда Премьер-министр коңшулар менен да суу жаатында кызматташууну улантуубуз кажет экендигин белгиледи. Өкмөт башчы белгилеп кеткендей, аймак үчүн Араван, Ак-Буура каналдарынын мааниси абдан чоң. Быйылкы жылы каналдардын реконструкциялоого бюджеттен 30 млн сом бөлүнсө, эмдиги жылы бул багытта 50 млн сом бөлүү пландаштырылууда. Ош облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков жаңы түптөлүп жаткан Кең-Сай массиви сугат суу менен камсыз кылуу маселесин чечээрин билдирди. “Учурда Кең-Сай массивин өздөштүрүү иштери аткарылууда, жол куруу, таза суу жана сугат суу менен камсыздоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө”, деди ал. Ыйгарым өкүлдүн айтымында, аталган массивде 22 миң түтүнгө жер тилкеси каралса, бүгүнкү күндө анын 12 миңи бөлүнүп берилген. Өз кезегинде Темир Сариев долбоорду активдүү түрдө жүргүзүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк аймактагы Гуманитардык борборунун долбоору менен таанышып чыкты.

Нету похожих статьей