Кабарлар 6 лет назад

Т.Сариев Оштогу “Озгур” суу сактоочу бекетинин курулушу менен таанышты (СҮРӨТ)

Бүгүн, 11-июнда, Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарына жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы “Озгур” суу сактоочу бекетинин жана ушундай эле аталыштагы сел алып кеткен көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу, Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Анын алкагында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берди. Маалыматка ылайык, аталган суу бекетинин 3-линиясын 2016-жылы бүткөрүү пландаштырылууда. Эгерде бекет ишке киришсе, анда Ош шаарынын тургундары ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуу мүмкүндүгүнө ээ болушат. Премьер-министр таза сууну үнөмдүү пайдалануу жана курулуш иштеринин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлүшүнүн зарылдыгын белгиледи. “Бул курулуп жаткан объектилердин бардыгы жарандардын жашоо ыңгайын жакшыртууга багытталган. Өкмөт бул багытта ички мүмкүндүктөрдү пайдалануу аркылуу жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга умтулууда. Буга катар Өкмөт башчы Ош шаарынын ички жолдорунун курулушу жана оңдолушу менен таанышып чыкты. “Жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө маани берилүүсү тийиш. Бул максатта Өкмөт тараптан Ош шаарына 125 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал эми жалпы өлкө боюнча быйылкы жылы жолдорду оңдоо иштерине 1,5 млрд сом жумшалууда. Жолдордун абалын жакшыртуу маселеси Өкмөттүн келечектүү пландарынын катарына кирет”, деп белгиледи Темир Сариев.

Нету похожих статьей