Кабарлар 6 лет назад

ТүркПАнын байкоочулар миссиясы Түркиядагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүштү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) байкоочулар миссиясы Түркияда 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо кыска мөөнөттүк байкоо жүргүздү. Аталган миссия курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев бар. Иш-сапардын алкагында ТүркПАнын өкүлдөрү Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин Төрагасы Саади Гүвен, Конституциялык соттун төрагасы Зүхтү Арслан, парламентик өкүлдөр жана тышкы иштер министрлигинин жогорку денңгээлдеги кызматкерлери менен жолугушуп, маектешти. Түркиянын расмий өкүлдөрү шайлоону ойдогудай, эл аралык стандарттарга шайкеш өткөзүү үчүн аткарылган иштер туралуу маалымат берди. ТүркПА миссиясынын добуш берүү процессин байкоого толук мүмкүнчүлүгү болду. Шайлоо күнү добуш берүү аймактары таңкы саат 8-ден кечки 5-ке чейин ачык болду. Байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Анкара шаарынын Чанкая жана Гөлбашы аттуу райондорунда жайгашкан 50гө жакын добуш берүү аймакта болду. Байкоочулар добуш берүү процессине күбө болуп, шайлоочулар менен, саясий партиялардын өкүлдөрү менен жана шайлоо аймагынын расмий өкүлдөрү менен баарлашты. ТүркПА байкоочулары Чанкая районунда жайгашкан шайлоо аймагынын бириндеги добуш саноого дагы байкоо салды. 8-июнда ТүркПА байкоочулар миссиясы байкоо натыйжалары боюнча маалымат-жыйын өткөрдү.

Нету похожих статьей