Кабарлар 6 лет назад

Ошто июнь окуясынын 5 жылдыгына карата куран окутулду (сүрөтбаян)

Ошто июнь окуясынын 5 жылдыгына карата куран окутулду.Бүгүн, 10-июнь күнү эртеӊ мененки саат 8.00 Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү баш болгон жетекчилер жана Ош мэриясынын кызматкерлери, шаар тургундары менен бирге Ош шаарынын Борбордук аянттагы «Энелердин көз жашы» эстелигинде беш жыр мурдагы башаламандыкта каза болгон маркумдарды эскерүү иш-чарасына катышышты. Мындай эскерүү иш-чаралары дагы бир нече жерде болоору айтылууда.Ош облустук ИИББ басма сөз кызматынын башчысы Жеӊиш Ашырбаевдин маалыматына ылайык, учурда Ош шаарында жана Ош облусунда абал тынч. Ар кандай башаламандык чыгаруу аракеттери байкалган жок. Милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат жана блок посттор коюлган жок.Эске сала кетсек, мындан 5 жыл мурда Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык кагылышуу болуп, расмий маалыматтар боюнча 400 ашык адам каза болгон.

Нету похожих статьей