Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абадда Тең-Тунук сайынын деңгээли көтөрүлүп, 7 үйдүн короосуна суу кирди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала берген маалыматтар боюнча 2015-жылдын 9-июну күнү саат 05:00 чамасында Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Ак-Жар айылында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Тең-Тунук сайынын деңгээли көтөрүлүп, Тең-Тунук сайынын оң жээгин жеп кеткен, анын кесепетинен Ак-Жар айлындагы 6 үйдүн короо, там аркаларына сел суулары каптаган, анын ичинен 1 үйдүн ичине сел суулары кирген, жараксыз абалга келген эмес, 1 времянканын ичине сел суулары кирип, жараксыз абалга келген. ӨКМ кызматынан билдиришкендей, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Ак-Жар айыл аймагы тарабынан 1 даана МТЗ-82 экскватор жумушка тартылып, ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Нету похожих статьей