Кабарлар 6 лет назад

Баткенде селден жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө (СҮРӨТ)

Баткен облусунда чыгымдар эсептелип, калыбына келтирүү иштери улантылууда. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,Лейлек районунда 2015-жылдын 8-июнунда саат 19:00 чамасында Кулунду жана Бешкент айыл аймактарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Кулунду айылында 10 турак үйгө, 25 чарба курулуштарына сел кирген. Айылды таза суу менен камсыздоо үчүн курулган 160 метр дамбаны, айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн орнотулган темир трубанын 54 метр аралыгын, 24 метр асбест трубаны сел бузуп кеткен. Ошондой эле калкты электр энергиясы менен камсыз кылган мамычаларды сел алган. Кулунду каналынын 109-участкасынан башкы суу бөлүштүргүчүнө чейинки 9 чакырым аралыктагы 6 жерде сел редукторлорунан сел ашып, каналды кум-шагылдарга толтуруп салган. Кулунду каналында сугат суу берүү үзгүлтүккө учураган. 2015-жылдын 9-июну күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов жана министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев кырсык болгон аймакка барышып, турак жайлары жабыркаган жарандар менен жолугушуп, алардын ал-абалык сурап, социалдык обьектилердин, жолдор менен көпүрөөлөрдүн, мектептер менен ооруканаларды абалын жеринен көрүп, аларды тез арада калыбына келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Эң чоң көйгөй катары таза ичүүчү жана сугат суунун жоктугу, Бешкент айыл аймагындагы ички чарбалык жолдордун жараксыз абалга келип калгандыгы, айылдагы фельдшердик-акушердик пункту менен мектептин өтө кооптуу абалга кептелгендиги айтылды. Министр Кубатбек Боронов булардын баары муктаждыгына карап чечилээрин билдирди. Мисалы 10 күнгө жетпеген убакыт ичинде ичүүчү жана сугат сууну калыбына келтирүүнү, жараксыз абалга келген акушердик-фельдшердик пунктунун ордуна ӨКМнен көчмө үй (МЖД) коюп берүүнү, электр энергиясы менен 1-2 күндө камсыздоону тиешелүү министрликтерге айтаарын билдирди. 2015-жылдын 9-июнунда саат 20:00дө Кулунду айыл аймагында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун жетекчилигинде атайын штабдык жыйын өткөрүлүп, жыйында бүгүнкү күндөгү селдин кесепетинен өзгөчө кырдаалдар каталган жерлердеги тез арада калыбына келтирүү иш-чараларын жана каналдарды тазалоо иштерин 10 күндүн ичинде калыбына келтирип, жергиликтүү элди сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Нету похожих статьей