Кабарлар 6 лет назад

Олег Панкратов: “Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жакшы шарттар түзүлдү”

Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жакшы шарттар түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Улуттук экономиканы бекемдөө жылы” аттуу илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө КРнын экономика министри Олег Панкратов билдирди. КРнын улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2014-жылдын аягында 11 миңден ашык ишкана катталган. “Биз Кыргызстандын евразия экономикалык биримдигине кирүүсүн чоң үмүт менен байланыштырып жатабыз. Кыргызстан ЕАЭБнын рынокторун миссиялардын ортомчулугусуз башка рынокторго чыгуу үчүн колдонот. Ишкерлер үчүн мамлекеттик органдар тарабынан келүүчү коркунучтарды кыскарта алабыз”,-деди министр.Ошондой эле, министр биз элдин арасында сурамжылоо жүргүздүк, анын жыйынтыгы Өкмөт 20% гана экономикалык маселелер менен иштеп жатканын, калган 80% саясий маселелер менен алектенип жатканын көрсөттү деп кошумчалады.

Нету похожих статьей