Кабарлар 6 лет назад

Баткенде эки айдын ичинде курулуп бүткөн көпүрөнүн ачылышы болду (СҮРӨТ)

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катран айыл аймагынын Кой-Таш участкасына Козу-Баглан дарыясынан өтүүчү ички-чарбалык көпүрө курулуп, 7-июнь күнү салтанаттуу түрдө анын ачылуу аземи болду. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун 2015-жылдын февраль айында Лейлек районуна болгон иш сапарында Катран айыл аймагынын башчысы Абдыкасыт Исаев Кой-аш участкасындагы ички чарбалык көпүрөнүн жараксыз абалга келип, мектеп окуучулары менен жарандарга кооптуу болуп калганын билдирген. 6 миңге жакын айыл жашоочуларынын райондун борборуна каттамы оор болуп жаткандыгы жөнүндөгү атайын билдирүү да министрликке кат түрүндө келип түшкөн. Көпүрөнү куруу КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Регионалдык департаментинин 2015-жылдагы иш планына кошумча киргизилген. 2015-жылдын 26-мартында көпүрөнү куруу боюнча тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында “МК-Партнер” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 2015-жылдын апрель айынын аягында курулуш иштери башталып, узундугу 12 метр, туурасы 6,8 метр болгон ички-чарбалык көпүрө 2015-жылдын 7-июну күнү толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Жалпы сметалык баасы 3 млн. сомго бүткөн көпүрөнүн ачылуу аземи 2015-жылдын 7-июну күнү Катран айылында чоң салтанат менен өткөрүлүп, ага жергиликтүү жашоочулар, ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев жетектеген министрликтин тиешелүү жетекчилери катышышты. Көпүрөөнүн эки айга жетпеген кыска мөөнөттө сапаттуу жана кенен курулгандыгына ачылуу аземге катышып жаткандар терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Нету похожих статьей