Кабарлар 6 лет назад

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө

Бүгүн 8-июнь күнү Ош шаардык Кеңешинин III чакырыгынын негизинде XXVII- сессиясы өтүүдө. Ага шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жетектеген шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Учурда сессиянын күн тартибине төмөнкү маселелер каралууда: Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы №105-“ Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча, Ош шаарында билим берүү багытында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө, Жапалак аймактык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылда кабыл алынган токтомдорунун аткарышы жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Жергиликтүү бюджетттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө №230-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө, Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №164-“ Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө, Ош шаарындагы №1-автобекетти шаардын четине жылдыруу жөнүндө.

Нету похожих статьей