Кабарлар 6 лет назад

Былтыр жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсү 16 млрд сомдон ашкан

2014-жылы жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсү трансферттер менен бирге жалпысынан республика боюнча 16 млрд. 62 млн. сомду түзгөн, же 16 млрд. 121,6 млн. сом суммасындагы пландын 99,6 пайызы аткарылган. Бул тууралуу, Каржы министрлигинин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2014-жылы 14 млрд. 117,4 млн. сомду түзгөн, же пландын 99,7 пайызы орундалган. Мурдагы жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу кирешелер 1 млрд. 582,9 млн. сомго же 12,6 пайызга өскөн. Жергиликтүү бюджеттин салыктык кирешелеринин көлөмү отчёттук мезгилде 11 млрд. 693,7 млн. сомду түзгөн, же 11 млрд. 833,9 млн. сом суммасындагы пландын 98,8 пайызы аткарылган. 2013-жылдын фактысы менен салыштырганда салыктык кирешелер 1 млрд. 265,7 млн. сомго же 12,1 пайызга өскөн. Жергиликтүү бюджеттин салыктык эмес кирешелери 2 млрд. 423,7 млн. сомду түзгөн же план 104,4 пайызга аткарылган. Мурдагы жылдын деңгээлине салыштырмалуу салыктык эмес кирешелер 317,2 млн. сомго же 15 пайызга өскөн.

Нету похожих статьей