Кабарлар 6 лет назад

Ак-Сай айылындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бөлүнгөн акча каражаты банктын эсебинде турат

Тоң районунун Ак-Сай айылындагы жер титирөөдөн жабыркаган ар бир түтүнгө 200 миң сомдон бөлүнгөн акча каражаты банктын эсебинде турат. Аны алуу үчүн тургундар, банкка бере турган сертификатын колдоруна алуусу керек. Бул тууралуу республиканын Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги билдирди. “Азыркы тапта сертификаттар даяр болбогондугуна байланыштуу жабыркагандар акча каражатын ала элек. Атайын сертификаттарды Каржы министрлиги биздин агенттикке даярдап өткөрүп бериши керек. Андан соң биз ал сертификаттарды Тоң районундагы жабыркаган үй-бүлөлөргө таратып беребиз”, - дейт агенттиктин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Абдыраимов. 2014-жылдын14-ноябрында Ысык-Көл облусунун аймагында болуп өткөн жер титирөөдөн жабыркаган турак үй ээлеринин тизмелери 4 этапта түзүлүп, ал ӨКМ тарабынан макулдашылып, Архитектура агенттигине жөнөтүлгөн.

Нету похожих статьей