Кабарлар 6 лет назад

А.Кайыпов:»Казакстандан ишкерлер телефон чалып, биргелешип иштөөгө сунуштарын айтып жатышат»

4-июнда Нарын облусунда КРнын Экономика министрлигинин адистери өлкөнүн алдыдагы Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) жана бажы биримдигине (ББ) кириши боюнча түшүндүрмө берилди. Жыйынды алып барган өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов келген катышуучулардын курамын сынга алды.-Биз дагы деле эски адат менен чогулуш өткөрүп жатабыз. Айыл өкмөттөрдөн жана шаардын чөлкөмдөрүнөн атайын шайланган адамдар келбестен, баякы эле мектеп деректирлери, ФАПтын жетекчилери, депутаттар, аксакалдарды алып келүүдөсүңөр. Эмне үчүн ушундай жыйындарга элдик жыйында шайланган адамдар келишпейт,-деди А.Кайыпов. Бир катар катышуучулар болсо бажы биримдигине кирүүдөгү оош кыйыштар тууралуу соболдорду беришти.-Биздин ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен учурдагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн 44 пайызы импортко туура келет. Ал эми азыркы тапта ЕАЭБга кирген өлкөлөрдөн бажы төлөмдөрү 4 миллиард сомду түзөт. ЕАЭБга киргенден кийин бирдиктүү бажы каражаттардын 1,9 пайызын биздин өлкөгө бөлүү каралууда. Ошондо бажыдан түшчү каражаттар 26-27 миллиард сомго жетмекчи. Ошол эле учурда үчүнчү тараптагы өлкөлөрдөн келүүчү товарлар көлөмдөрүнүн азаяры күтүлүүдө,-деп билдирди КРнын Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Самат Кулмамбетов. -Биз ББга киргенде Орусия, Казакстан, Беларусиядан инвесторлордун келишине жол ачылат. Мисалы азыртадан эле мага Казакстандан тааныбаган ишкерлер телефон чалып байланышууга чыга башташты,-деди өкүл А.Кайыпов.

Нету похожих статьей