Кабарлар 6 лет назад

Нарын облусунун башчысы А.Кайыпов райондорду кыдырып Бажы биримдиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө (СҮРӨТ)

2015-жылдын2-июнунда,КРнынӨкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кочкор жана Жумгал райондорунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МАӨкмөттүнНарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынанкабарлашты. Жолугуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түндүк регион аралык башкармалыгынын жетекчисиЗайнидин Жумалиев, КР экономика министрлигинин Бажы саясаты боюнча бөлүм башчысы Самат Кулманбетов, Бажы биримдигине кирүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек уулу Данияр, айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык дары-дармектерди сертификациялоо борборунун жетекчиси Чолпонбек Жуматаев бажы биримдигине кошулуудан күтүлүүчү жагдайлар жөнүндө жалпы түшүндүрмө берип, суроолорго жооп беришти. Самат Кулманбетов Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасы, товарлардын келип чыгуу маселесин жөнгө салуу, бажылык башкаруу, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптар, техникалык регламенттер боюнча түшүндүрмө берди. «Бажы биримдигине кирүү боюнча Россия, Беларусь, Армения, Казахстан тарабынан ратификацияланса Бажы кызматы алынат. Мындан сырткары, Бажы биримдигине кирген мамлекеттер арасында, азыркы учурдан айырмаланып, соодагерлер 90 күндүн ичинде салык төлөй алат»,- деди өз сөзүндө. Андан соң. облус башчы А.Кайыпов күн тартибиндеги экинчи маселеге өттү. Анда жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүү маселеси каралган. Катышуучулар тарабынан Нарындын шартында эпизоотиялык абалга чалдыкпоо үчүн малды убагында эмдөөдөнөткөрүү, калктын керектүү дары-дармектер менен камсыз болуусу, ББ кирүү менен товарлардын наркынын өсүшү, айлык акылардын жогорулоосу, саламаттыкты сактоо тармагындагы тейлөөнүн начардыгы тууралуу ж.б. суроолорго облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жооп берилди.

Нету похожих статьей