Кабарлар 6 лет назад

Кара-Сууда тоок төрт буттуу жөжө ачып чыкты (СҮРӨТ)

Жакында Кара-Суу районунун Кызыл-Сарай айылындагы жашоочу Майрамбек Жолдубаевдин үйүндө төрт буттуу жөжө пайда болду. Анын жыл сайын жаз айында 9-10 го жакын жөжө ачып чыккан тоогу быйыл төрт буттуу жөжө да чыгарды. Анын айтымында он күн мурун туулганжөжөнүн куйругунун ордуна кошумча эки бут пайда болгон жана ал буттары баспайт. Азыркы кезде төрт буттуу жөжө эч кыйналбастан калган жөжөлөр менен жем жеп, эркин кыймылдап жүгүрүп жүрөт. М.Жолдубаев муну кудайдын керемети катары түшүнүп, жөжөнү ит-куштан сактап өстүрөйүн деп жатат.

Нету похожих статьей