Кабарлар 6 лет назад

Ош ШИИБ башчысы С.Өмүрзаков: Ош шаарынын көп улуттуу калкы тынчтыкты каалайт (СҮРӨТ)

2015-жылдын 2-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Ош шаарынын Туран кичи районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА ИИМнинОш облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолгушууда С.Өмүрзаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча элге маалымат берди. Ошондой эле жашоочулардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Жашоочулар ар кандай ушак таркаткандарга карата милиция тарабынан жүргүзүлгөн иштерге ыраазычылык билдирди. Эң башкысы укук коргоо органдары күн-түн дебей иштеп улуттук ынтымакчылыкты орнотуп, жергебизге туруктуулук камсыз кылышты. Тынчтык болсо баары болоорун баса белгилеп, көп улутуу Оштун калкы тынчтыкты каалай тургандыгын жана бейпилдикти бузууга аракеттенген ар кандай чагымчыл күчтөргө улутуна карабай бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып, укук коргоо органдары менен биргеликте каршы турууга чакырышты.

Нету похожих статьей