Кабарлар 6 лет назад

Т.Сариев: Бишкек—Балыкчы автожолун калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады

Бишкек—Балыкчы автожолун калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады. Бул туризмди өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Тамчы айылында «Ысык-Көл» аэропортунун ачылышында өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Өкмөт башчы туристтерди кызыктыруу жана туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда инфраструктураларды өнүктүрүү керектигин белгиледи. Өкмөт бул жылы инфраструктураларды өнүктүрүүгө — шаарларда автожолдорду оңдоого жана курууга кошумча 1,5 млрд сом бөлүүнү пландап жатат. «Аэропорттун ачылышы 2015-жылдагы курорттук сезондун ачылышынын алкагындагы биринчи кадам», - деди ал. Өкмөт башчы менен кошо жагдайды иликтөө үчүн авиагенттиктердин өкүлдөрү, өлкөдөгү туристтик операторлору барышты. Сариев жергиликтүү калктан жаштарды тарбиялоого жана жайкы турсезондо коопсуздукту сактоо маселесине көңүл бурушуну суранды. «Туристтер эс алганда коопсуздукту каалашат. Бир турист бир күндө 1-2 миң сом калтырат. Мындан тышкары ал ар кандай кызматтарды колдонот. Бул калктын кирешесине өбөлгө болот. Канаттанган бир турист кийинки жылдагы 50 туристтке барабар» - деди Сариев. Бул жылы турсезон учурунда Ысык-Көл облусунда коопсуздукту камсыздоо жоопкеричилиги ички иштери министрине жүктөлгөн.

Нету похожих статьей