Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абад облусундагы 472 мектепте «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү

29-майда Жалал-Абад облусу боюнча 472 мектепте «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу түрдө белгиленди. Үстүбүздөгү жылы 11-классты 10 миң 384 окуучу, ал мэи 9-классты 15 миң 389 окуучу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.Анын берген маалыматына караганда, облустун бардык мектептеринде акыркы коңгуроо бүткөндөн кийин, кафе-ресторандарда атайын шаан-шөкөт менен белгилөөгө тыюу салынган. Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл аймагындагы Сумсар орто мектебинде акыркы коңгуроо аземине катышты. Себеби, өкүл ушул мектепте мугалим, завуч, директор болуп эмгектенген.Ал эми өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Сузак районундагы Ырыс орто мектебинде болсо, өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов Базар-Коргон районундагы №13 Анаркулов атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанына катышты. Бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты.

Нету похожих статьей