Кабарлар 6 лет назад

Оштун тургундары \"жаңы автобекет шаардын сыртында, алыс, барбайбыз\" деген нааразычылыктарын билдирүүдө депутат С.Жунусбаев

Ош шаарынын тургундары \"жаңы автобекет шаардын сыртында, алыс, барбайбыз\" деген нааразычылыктарын билдирип жатышат. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Сонунбек Жунусбаев \"Кабарлар\" МАнын кабарчысына маалымдады.Жунусбаевдин айтымында, бүгүн, 29-май күнү Ош шаардык кеңешинин 10дон ашуун депутаты калаадагы борбордук базарга жакын жайгашкан авто бекетте шаардын тургундары менен жолугушту. Эл өкүлдөрү автобекетти көчүрүү маселеси боюнча сүйлөшүп, тургундардын пикирин укту. Кошумчалай кетсек, учурдагы автобекетти калаадагы Шейит Төбө аймагына тактап айтканда мурунку автобекеттин ордуна көчүрүү демилгеси мэрия тарабынан көтөрүлгөн. Ага учурдагы автобекеттин айланасында унаа тыгыны көйгөй жаратуусу себеп болгон.\"Автобекетти \"Шейит Төбө\" аймагына көчүрүүгө жергиликтүү тургундар каршы экендигин билдиришти. Себеби автобекетти көчүрүү пландаштырылган аймак шаардын чет жагында болгондуктан жарандар \"шаардан алыс, бизге кыйынчылык туудурат\" деп жатышат. Чындыгында базар кайсы жерде болсо, эл ошол жерге көп чогулат. Автобекеттин базарга жакын жайгашуусу бул жарандар үчүн ыңгайлуу. Автобекетти мурунку ордуна көчүрүү боюнча маселени шаардык кеңештин кезектеги сессиясында талкуулайбыз. Жарандар автобекет көчүрүлгөндөн кийин жаңы автобекетке баруу үчүн таксиге акча коротбошу үчүн, биз жол киреси арзан экспресс каттамдарды уюштурууну пландаштырып жатабыз\" дейт Сонунбек Жунусбаев.

Нету похожих статьей