Кабарлар 6 лет назад

Ошто окуучуларга өз алдынча майрамдоого тыюу салынганына карабай, Алайга «Жип» үлгүсүндөгү 10 унаа менен кетип бара жаткан окуучулар артка кайтарылды

ОшАлай жолунан жаратылышта акыркы коңгуроо кечесин улантууга бара жаткан Ош шаарындагы 2 мектептин окуучулары артка кайтарылды. Мындай иш чаралар жыл сайын окуучулардын коопсуздугу үчүн Жол кайгуул кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп келет. Эске сала кетсек, мектеп окуучуларына акыркы коңгуроо аземинде мектеп короосунан сырткары аймакта өз алдынча майрамдоого тыюу салынып, эскертүү берилген. Ата энелери да бул маалымат тууралуу кабардар болушкан. Бүгүн, 29-май күнү Ош шаарынын жана райондордун борборлорунан чыга бериш автоунаа жолдорунда атайын постор коюлуп, жол коопсуздук эрежелерин камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө.

Нету похожих статьей