Кабарлар 6 лет назад

Ошто баңги затына көз каранды 1500гө жакын адам бар алардын 84ү аялдар

Ош шаары боюнча 2014-жылы баңги затка көз каранды 1463 адам катталган болсо, учурда алардын саны 1472ге жетти. Бул тууралуу, Ош облустук наркологиялык борборунун директору Айгүл Садиевабаңги зат менен күрөшүү программасын аткаруу боюнчажыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери баңги затын колдонгон 9 адам каттоого алынган.«Баңги затын колдонуучулардын 1302си ийне аркылуу колдонгондор, анын ичинен 84түн аялдар түзөт. Баарынан да кейиштүү көрүнүш, алардын дээрлик жарымы 20 жаштан 35 жашка чейинкилер\" дейт борбордун жетекчиси.

Нету похожих статьей